Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда өрт өчүрүүчүлөргө арналган монументтин ачылышы болду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өрткө каршы мамлекеттик кызматтын түзүлгөнүнүн 91 жылдыгы белгиленди.

Саамалык өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаардык мэриянын өкүлдөрү жана бир катар мекеме жетекчилеринин катышуусунда белгиленип, майрамга утурлай өрт өчүрүүчүлөргө арналган монументтин ачылышы болду.

Облустук өрткө каршы кызматынын башчысы полковник А.Закировдун баяндамасына таянсак, өлкө аймагында биринчи жолу 1926-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаардык советинин сессиясынын чечими менен адистешкен өрткө каршы команда түзүлгөн. Бул команданын курамында 9 адам камтылып, алар төрт ат жана 1 автоунаа менен жабдылган. Ошентип өрт өчүрүүчүлөрдүн жумушу башталган.

«Өлкөнүн түштүк аймагында бул кызмат 1929-жылы түзүлүп, иштей баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына чейин 22 автоунаа, 26 мотопомп, 755 колдо иштетилүүчү насостор болгон. Ал эми бүгүнкү күндө 87 өрткө каршы бөлүктөр иштеп жатат. Анда иштеген кызматкерлердин саны 3 миңден ашат. Биздин кесиптештер өз жумуштарына берилип иштегендиктен бир катар мекемелер, үйлөрдү тилсиз жоодон сактап калышты. Бүгүн да күжүрмөндүктө иштеп келишет», - деди А.Закиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 913
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×