Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Күндүз айрым райондордо жаан жаайт, - 17-июнга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 17-июнда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +15...+20
күндүз +29...+34

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +12..+17
күндүз +28...+33

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +16...+21
күндүз +30...+35

Баткен облусунда
түнкүсүн +16...+21
күндүз +30...+35

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +8...+13
күндүз +22...+27

Нарын облусунда
түнкүсүн +6...+11
Күндүз +23..+28

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +16...+18 градус, күндүз +32...+34 градус болот.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +33...+35 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2107
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×