При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Аксынын чек арадагы Дейрес айылынын эли өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү өтүнүүдө

Turmush -  Аксы районунун Дейрес айылынын тургундары айылга бала бакча куруп берүүнү өкмөттөн өтүнүүдө. Айыл башчы К.Кулмырзаев билдиргендей, айылда көп көйгөйлөр чечилбей келет.

«Айылда бала бакча жок. Учурда 100дөн ашуун бөбөк бала бакчага барбайт. Айыл тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышууда. Балдар бакчасы ачылса элге жакшы шарттар түзүлөт эле. Дейрес айылы чек арада жайгашкан, бирок чек арадагы айыл макамы бериле элек», - деди ал.

Дейрес айылында 200дөн ашуун кожолук жашайт. Айыл Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешип, 20 чакырымдай жер талаштуу болуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу