При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Жалал-Абад облустук төрөт үйү толугу менен оңдолду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук төрөт үйү толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Облустук биргелешкен оорукананын жетекчиси Ж.Карабаев маалымдагандай, оңдоп-түзөө иштери Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашкан.

«Мамлекеттик бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Министрликтин, өкүлчүлүктүн колдоосу менен заманбапташтырып алдык. Керебеттер толугу менен, шейшептерден өйдө жаңыланды. Көз жаруу үчүн келген энелер үчүн колдон келген шарттар түзүлдү», - деди жетекчи.

Маалым болгондой, төрөт үйү 1997-жылы пайдаланууга берилген. Ошол жылдан бери быйыл биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 464
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу