Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абад медициналык колледждин 2010-жылы талкаланган имараты оңдолду

Turmush -  Жалал-Абад медициналык колледждин 2010-жылдагы окуяларда талкаланган имараты оңдолуп, пайдаланууга берилди.

Аталган окуу жайдын директору Салахидин Мусаевдин айтымында, 2010-жылдагы июнь окуясында Жалал-Абад медициналык колледждин №2 жатаканасынын экинчи имаратынын терезелери талкаланып, имараттын ичин оңдоо муктаждыгы жаралган. Ошол имарат пайдаланылбай келген. Аны кайрадан ишке берүү үчүн былтыркы жылдын ноябрь айында оңдоо иштери башталган.

«Жатакананын имаратын оңдоо келишимдин эсебинен жана камкордук кеңештин колдоосу менен бүткөрүлдү. Студенттердин окуу төлөмдөрү үчүн төккөн каражаттын эсебинен эшик-терезелер алынды. Усталардын кызмат акысын камкордук кеңеш каржылап, 600 миң сом каражат топтоп беришти. Ата-энелер атайын жыйналыш өткөрүп, алардын макулдугу менен камкордук кеңеши түзүлгөн.

Былтыркы жылдын ноябрь айында оңдоо иши башталып, кыштын күндөрү иш ыргагы токтоду. Быйылкы жылдын 1-мартынан тарта кайрадан оңдоп-түзөө жумушу башталып, май айынын орто ченинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Башкы корпустан алысыраак жайгашкан клиникага чейинки базабызды жаңыдан оңдоо иштери бүткөрүлгөн имаратка көчүрүп келдик», - деди С.Мусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 783
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×