Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадга быйыл 200 миңден ашуун турист келүүсү күтүлүүдө, - өкүлчүлүк

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы эс алуу жайлары туристтерди кабыл алууга камданууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, облуста туристтер жана эс алуучулар үчүн 50 мейманкана, 3 мамлекеттик корук, 2 курорттук-санаторий, 2 туристтик база, 1 туристтик пансионат кызмат кылат.

Жалал-Абад облусунда эс алуучулардын сүйгөн жайына айланган Кара-Алма, Арстанбап, Тоскоол, Сары-Челек, Падыша-Ата, Чычкан капчыгайы өңдүү кооз жайлар арбын. Акыркы кезде жеке ишкерлер да бул тармакты өнүктүрүүгө өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп жатышат. Жаз келгени Бишкек—Ош жолунун жана башка кооз жайларда жол жээктерине боз үй тигип, бээнин сүтү, саамал менен дарылоону колго алгандар көбөйүүдө. Өткөн жылда облуста 199 миң 127 турист эс алып кетсе, быйыл 200 миңден ашуусу күтүлүүдө. Азыркы кезде туристтерге кызмат көрсөтүүчү жайлар дээрлик даяр», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×