При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Аксыдагы Чер жайлоосунда бала бакча ачылды

Turmush -  Аксы районундагы Чер жайлоосунда бала бакча ачылды. Кечээ, 15-июнда ачылган жайлоо бала бакчасына Черди жайлап жаткан райондун Ак-Суу, Кош-Дөбө жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүндөгү малчылардын 30 жеткинчеги барышты.

Бакча Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун колдоосу менен ачылып, ага райондун акиминин орун басары Зарипа Калматова катышты.

Чер жайлоосу райондун борборунан 60-70 чакырым ыраак турат. Бакчага Кош-Дөбө айыл өкмөтү бир боз үй тигип берди. Жайлоого чыккан үй-бүлөлөр балдары бакчага баргандыктан кечке чейин өз жумуштары менен алпурушуп, балдарга да, ата-энелерге да жакшы шарт түзүлгөнүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 305
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×