Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокендин тургуну өзбекстандык аялын сабап өлтүрүп, денесин көмүп салганы 2 жылдан соң ачыкталды

Turmush -  Ноокен районунда эки жыл мурун катталган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин оперативдүү кызматкерлери 2015-жылы Ноокен районунда катталган өтө оор кылмыштын бетин ачышты. Буга чейин 2016-жылы милицияга 2015-жылы 1-январда Ноокен районунун Достук айыл округунун тургуну жарандык никедеги аялын өлтүрүп, денесин жерге көмүп салгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Өлтүрүү фактысын аныктоо максатында Ноокен РИИБдин кызматкерлери өткөн жылы оперативдүү тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, аялдын денеси көмүлдү деген жерден сөөк табылган эмес. Буга байланыштуу шектүү адам кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, кылмыш иши козголгон эмес. 2017-жылдын июнь айында бул боюнча оперативдүү тергөө иштери кайра жанданган. Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери бул иш боюнча жаңы фактыларды аныкташкан.

Алынган болжолдуу маалыматтар боюнча, Достук айыл округунун 1990-жылы туулган тургуну Т.Н. 2011-жылдан бери Өзбекстандын Наманган облусунда 1996-жылы туулган Минавар аттуу кыз менен жарандык никеде жашап келген. 2015-жылдын башында кыз дайынсыз болуп кеткен. Мындан улам аны күйөөсүнүн бир туугандары издеп баштап, келинин өлтүрүп кетишкендигин болжолдошкон.

2017-жылдын июнь айында оперативдүү издөө иштери улантылган. Жакында эле Ноокен районунда дене көмүлгөн деп болжолдонгон жерден 5 метр тереңдиктен келиндин сөөгүнүн калдыктары табылды. Алынган маалымат боюнча, ал Өзбекстандын Наманган облусунда 1996-жылы туулган И.Минавархон экени аныкталган.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми кылмышка шектүү делген жаран аялын өлтүргөнүн мойнуна алган. Ноокен РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн буга чейин соттолгону аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, алардын ортосунда кызганычтан улам уруш чыккан. Шектүү жарандык никедеги аялын өлтүрө сабап, кылмышты жашыруу үчүн денесин үйүнөн алыс эмес жердеги жардан аң казып, көмүп салган. Кийин көмүлгөн денени табуу кыйынга турган. Белгилүү болгондой, бул жерде иштегендер жерди түздөп салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1866
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×