При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Базар-коргондук окуучу конокко келген бөлөсүн кокустан атып алды

Turmush -  Базар-Коргон районунда 7-класстын окуучусу үйүнө конокко келген бөлөсүн кокустан мылтык менен атып алды. 

Маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Акман айылындагы мал кармаган  сарайда 13-июнда саат 17:30 чамасында болгон. Үй ээсинин 7-классты аяктаган уулу А.Н. мылтык менен ойноп жатып, капыстан чыгарган ок Бишкек шаарынан конокко келген 11 жаштагы Ж.Р.нын жоон санына тийген. А.Н. туугандарын чакырып барганча, 11 жаштагы бала алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Бул фактыны Жалал-Абад ОИИБ да тастыктап, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси менен кылмыш иши козголгондугун маалымдады. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, каза болгон баланын денесин атасы Бишкек шаарына алып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2401
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу