При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Кара-Көлдө «Мээримдүү жүрөк» акциясы өтүп жатат

Turmush -  Кара-Көл шаарында 14-июндан 26-июнга чейин «Мээримдүү жүрөк» акциясы өтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Акция орозонун акыркы 10 күнүнө белгиленип, шаардагы жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү максатын көздөйт. Акцияны мэриянын дин жана тил боюнча башкы адиси Асел Кеңешбаева жана мэриянын кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Айжамал Ажибаева демилгелешкен.

«Бул иш-чара кайрымдуулук иретинде уюштурулууда. Шаар тургундары кийим-кече, буюм, азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтсө болот. Алардын бары топтолуп, жакыр үй-бүлөлөргө таратылып берилет», - деди ал.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тургунбаеванын айтымында, шаар тургундарынын 13,4%ы жакырчылыкта жашайт.

«Бизде шаардагы жалпы 5773 кожолуктун 771 үй-бүлөсү жакырчылык менен каттоодо турат. Алардын ичинде өтө жакыр 257, орто жакыр 269, жакыр 245 үй-бүлө бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 574
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу