Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Санкт-Петербургдагы агрардык университеттин өкүлдөрү ноокендик мугалимдер менен жолукту (фото)

Turmush -  Кечээ, 14-июнда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында райондун аймагындагы мектептердин директорлору жана ата-энелер комитеттери менен Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик агрардык университеттин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жумушчу топтун төрагасы Данияр Асеналханов белгилегендей, жолугушуу агрардык багыттагы адистерди окутуу максатын көздөйт.

«Ар бир районго бюджеттик бөлүмгө агробиологиялык жана инженердик-технологиялык багыт боюнча бештен орун берилген. Ал эми Экономика, менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция багытында келишим менен окууга 40 жашка чейинки адамдар тапшырса болот. Окуу мөөнөтү 4 жыл, жатакана акысыз», - дейт ал.

Маалым болгондой, эгер Бишкекте агрардык университетте окуган студенттер окуусун Санкт-Петербург шаарында улантууну кааласа, июнь айынын акырында тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгы менен тесттен өткөн студенттер Санкт-Петербург шаарына барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 690
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×