«Күнөскана куруу үчүн 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Чакмак-Суу айылынан 3, Башкы-Терек айылынан 1, Коргон-Сай айылынан 2, Айгыр-Жал айылынан 6, Каныш-Кыя айылынан 7, жалпы 19 аз камсыз болгон үй-бүлөгө күнөскана куруп бердик. Күнөскана иштеткен жарандар учурда помидор, бадыраң сыяктуу жер-жемиштерди өстүрүп, айрымдары түшүмдөрүн сатыкка чыгарып жатат. 2 жыл аралыгында 44 үй-бүлөгө бекер күнөсканалар курулуп, жалпы 100гө жакын тургун жумуш менен камсыз болгон», - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, колдоого муктаж 52 үй-бүлөгө жалпы 254 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү. Алардын арасында Орусияда иштеп жүрүп кырсыкка кабылган жарандар дагы бар.