При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Аты үркүп, Жинди-Суу дарыясына түшүп кеткен 46 жаштагы аял изделип жатат

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Жазы-Кечүү айылына жакын жерден Жинди-Суу дарыясына атчан аял агып кетти. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, окуя 13-июнда саат 09:00 чамасында болгон.

Маалым болгондой, Кызыл-Туу айылынын 1966-жылы туулган тургуну Насырбек Садыркулов жана анын аялы — 1971-жылы туулган Мейман Борбиева кызын турмушка узатуу үчүн жайлоодон келе жатышкан. Жолдон М.Борбиеванын аты үркүп, өзү сууга түшүп кеткен.

Аталган айыл аймактан 10 адам, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын тапшырмасы менен №58 өрткө каршы кызматынан 6 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүгө жөнөп кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:48,   24.06.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×