Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда 2 айыл өкмөттүн депутаттары мандат алышты

Turmush -  Аксы районунун 2 айыл өкмөтүндө айылдык депутаттарга мандат тапшырылды. Бул тууралуу БШКнын Аксы районундагы өкүлү К.Шадыбеков билдирди.

Анын айтымында, мандат 42 депутатка тапшырылып, алар расмий түрдө ишин баштады.

«Кара-Жыгач жана Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү депутаттар төрага шайлашып, мандат алышты. Жерге-Тал айылындагы Миң-Булак орто мектебинин директору депутат болуп шайланып, бирок мандат алуудан баш тартып, директорлук кызматында калды», - деди К.Шадыбеков.

Белгилей кетсек, 28-майда Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жерге-Тал айыл өкмөттөрүндө 2-ирет шайлоо өтүп, депутаттар шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×