Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда экс-депутаттын урматына уюшулган волейбол боюнча республикалык мелдеш аяктады

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана коомдук ишмер Сатыбалды Жээнбековдун урматына уюштурулган эркектер арасындагы волейбол оюну боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды.

Финалдык беттешүүдө ИИМдин алдындагы атайын багыттагы «Шумкар» полкунун волейболисттери Ош шаарынын командасын 2:0 эсебинде утуп, 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунга Ош шаарынын, 3-орунга Сузак районунун командалары ээ болушту. Аларга мелдешти уюштурган Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчилери менен С.Жээнбековдун бир тууган иниси, экс-губернатор жана коомдук ишмер Ж.Жээнбеков сыйлыктарды тапшырышты.

Мелдешке жалпы тогуз команда катышты. Республикалык волейбол мелдеши жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×