Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдөн быйыл ажылык сапарга 1 киши барат

Turmush -  Кара-Көл шаарынан быйыл ажылык сапарга бир киши барат. Бул тууралуу шаардын имамы Бектен ажы Керезбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кара-Көл шаарына ажылык сапарга 15 орун бөлүнгөн.

«Август айынын башында ажылык сапарга шаардан бир киши жөнөп кетет. Анын документтери даяр», - дейт имам.

Ал белгилегендей, учурда Орозонун касиеттери тууралуу сабактар өтүлүүдө.

«Буга чейин окуучуларга жана студенттерге радикализм жана экстремизм тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Учурда Орозонун касиеттери боюнча аскер бөлүктөгү жоокерлерге, шаардагы дарыгерлерге сабактарды өтүп жатам. Быйыл садака киши башына 30 сомдон туура келүүдө. Биздин шаардын тургундары садаканы айт күнүндө айт намазы окулганга чейин беришет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 930
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×