Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузактагы жайлоодон 22 жаштагы жигитке чагылган тийип, учурда комада жатат

Turmush -  Сузак районундагы жайлоодон 22 жаштагы жигитке чагылган тийип, оор абалда ооруканага түштү.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун маалыматына караганда, окуя бүгүн, 14-июнда катталган.

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Азия кыштагынын 1995-жылы туулган тургуну К. уулу Улукбекке Күрөбөз жайлоосунда жүргөн учурда чагылган тийген. Ал оор абалда медициналык тез жардам унаасы менен саат 03:45 чамасында облустук клиникалык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал денесинен I-II даражадагы күйүк алган. Учурда комада жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2003
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 17 адам окуп жатат)
×