Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Итагар айылында сел алган көпүрөнү тургундар ашар жолу менен оңдошот

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында сел агызып кеткен көпүрөнү жергиликтүү тургундар өздөрү салышат.

Айыл башчы Ажибек Алымкулов билдиргендей, 1 жыл мурун ашар жолу менен салынган көпүрөнү сел алып кеткен. Эми аны тургундар өздөрү оңдомой болду.

«2016-жылы салынган көпүрөнүн бир тарабын сел жараксыз абалга келтирди. ӨКМ тарабынан цемент, темирлер берилсе, тургундар ашар жолу менен оңдойт. Учурда селдин кесепеттерин жоюу үчүн техникалар иштеп жатат», - деди ал.

Селдин кесепетинен Итагар айылынын Тескей жаңы конушунда жашаган 15тен ашык үй-бүлө көпүрөсүз калып, унаалар дагы өтө албай калган. Ал көпүрө 1 жыл мурун ашар жолу менен курулган болчу.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, катуу жааган жамгырдын кесепетинен 5-июнда саат 02:00-03:00 чамасында Аксы районундагы Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 4 көпүрөгө кооптуу абал жаралган.

Тескей участкасындагы Итагар дарыясындагы ички чарбалык унаа өтүүчү 2 көпүрөнүн бири жараксыз абалга келген. Ал эми бир көпүрөнүн сырт жагын суу каптап кеткен. Аталган 4 көпүрөдө каттам токтотулган. Ошондой эле, суу Итагар дарыясынын оң жана сол жээгин жеп, Итагар айылында жээкке жакын жайгашкан 5 турак жайга кооптуу абал жаралган.

Тема боюнча:

05.06.2017Аксынын Итагар айылында жүргөн сел 2 көпүрөнү, «УАЗ» унаасын жана тракторду агызып кетти (фото)
05.06.2017Аксыдагы сел 4 көпүрөгө кооптуулук жаратты (фото)
06.06.2017Аксыда сел агызып кеткен трактор табылды (фото)
06.06.2017Фото - Падыша-Ата дарыясынын суусу 30 түп бак-даракты агызып, жолду жараксыз кылды
07.06.2017Фото - Аксыда үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жолду каптаган селдин кесепеттери
07.06.2017Фото, видео - Аксынын Итагар айылында кайрадан сел жүрүп, үйлөрдү каптады
07.06.2017Фото, видео - Куткаруучулар Аксыдагы селден 5 үй-бүлөнү сактап калышты
08.06.2017Аксынын Итагар айылына баруучу жолдогу көпүрө оңдолду
12.06.2017Аксынын Баялы-Ата айылындагы 25 үйдү жана 1 мектепти сел каптоо коркунучу жаралды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 633
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×