Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Райкомол айылында өлгөн эчкилерден жугуштуу оору аныкталган жок

Turmush -  Аксы районунун Райкомол айылында массалык түрдө өлгөн эчкилерден жугуштуу оору аныкталган жок. Бул тууралуу айыл башчы Индусбек Токтобаев билдирди. Анын айтымында, учурда эчкилердин өлүмү токтоду.

«Эчкилер массалык түрдө өлүп жатканын тургундар айтып чыгышкан. Бирок, азыр бул боюнча эч кандай факты катталган жок. Буга чейин өлгөн эчкилерден жугуштуу оорулар аныкталган жок», - деди айыл башчы.

Буга чейин жергиликтүү тургундар эчкилер массалык түрдө өлүп жаткандыгын жана анын себеби белгисиз экендигин билдиришкен. Ал эми Аксы райондук ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялык борбордун башчысы Кубаныч Карабашов эчкилердин өлүп жатышы боюнча маалымат түшпөгөнүн билдирген.

«Бизге эч ким кайрылган жок. Бул маалыматты тактап көрөбүз. Эчкилер кара өпкө оорусунан өлдү деп айта балбайбыз. Эмне себептен өлгөнү лабораториялык текшерүүдөн кийин билинет», - деген К.Карабашов.

Тема боюнча:

02.06.2017Аксынын Райкомол айылында эчкилер оорудан улам массалык түрдө өлүп жатат, - тургундар
15.03.2017Токтогулда белгисиз оорудан улам өлгөн козулардын саны 100дөн ашты, - тургун (фото)
15.03.2017Токтогулда козулардын өлүп жатканы талкууланды
20.03.2017Токтогулда өлгөн козулардан лактобезоардык оору табылды
22.03.2017Токтогулда лактобезоардык оорудан улам өлгөн козулардын саны 109га жетти
24.03.2017Токтогул районунда козулардын массалык түрдө өлүп жатышынын себеби аныкталды (фото)
11.04.2017Чаткалда козулар массалык түрдө өлүп жатат, - тургун
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×