При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Бишкек–Ош жолунда жүк тарткан унаа жарга оодарылып кетип, айдоочусу каза болду

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунун 576-чакырымында жүк ташуучу «КамАЗ» унаасы оодарылып кетип, айдоочусу каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, авария кечээ, 13-июнда саат 12:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагына караштуу Беш-Мойнок тилкесинде болгон.

Унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа жарга оодарылып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу окуя болгон жерде көз жумган. Сузак РИИБдин патрулчулары денени унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1325
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×