При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Тарых инсаны: Улуу акын Токтогул Сатылганов жашаган үй, ал колдонгон буюмдар жана үй-бүлөсү (фото)

Turmush -  Улуу демократ төкмө акын, ойчул жана композитор Токтогул Сатылгановдун ырларын барактабаган адам болбосо керек. Кайталангыс улуу инсанга арналып анын кичи мекени — Токтогул районунун Чолпон-Ата айылында музей ачылган. Музейде төкмө акындын өзүнө таандык үч гана буюм бар. Turmush басылмасынын кабарчысы бул музейде болуп, андагы буюмдар менен таанышты.

комуз

1

Төкмө акындын өмүр таржымалы

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чолпон-Ата айылынын Сасык-Жийде участкасында туулган. Анын энеси Бурма сөздү жамактап сүйлөгөн сөзмөр, кошокчу аял болгон. Төкмө акын жокчулуктун азабын жон териси менен тартып, 13 жашынан байларга малай болгон. Бала кезинен элдик чыгармаларга ынак өсүп, ыр-күүлөрдү жатка билген. Токтогул социалдык теңсиздик маселесине басым жасаганы байкалат. Анын Дыйканбай байдын Арзымат деген ырчысы менен айтышканы боюнча аңыз кептин аягы тыйыла элек. Дал ошол экөөнүн айтышынан соң анын сөзгө бай экени, эл таламын талашкан төкмө экени жар салынып, элдин алкоосуна татый баштаган. 1884-жылы үй-бүлө күтүп, Топчубай аттуу уулду болгон. Анын бай-манаптарды мактап-жактап, кошоматчылык кылып ырдабаганы сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына себеп болгон. Тактап айтканда, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан деген жалаа жабылып, ошол учурда ага өлүм жазасы берилип, бирок, 7 жылга сүргүнгө айдалат. Сүргүндөн кайтып келгенде аны жалгыз энеси гана тосуп алган. Уулу Топчубай көз жумуп, жубайы башка адам менен турмуш куруп кеткен болот. Кийин Сейдимкан аттуу аял менен турмуш куруп, бир уул, бир кыздуу болушкан. 1933-жылы улуу ойчул акын дүйнө салган.

Үй-бүлөсү

Токтогул Сатылгановдун үй-бүлөсү, кызы Гүлсара

Үй-бүлөсү

«Токонун тону» 

Токтогул Сатылганов атындагы музейдин кызматкери Бактыгүл Кулубаеванын айтымында, улуу акынга таандык буюмдардын бири — койдун терисинен жасалган тон. Ал тонду Мазар-Суу айылынын Мурат аттуу тургуну «Токонун тону» деп өзү кийбей, аздектеп сактап өткөн. Ал тон анын уулунда калып, музейге Токтогул атанын буюмдарын жыйноо мезгилинде тапшырылган.

Т.Сатылгановдун тону

Өзү чапкан комуз

Өзгөчө аздектелген дагы бир буюму — үч кыл комузу. Ал комузду Токтогул сүргүндөн келгенден кийин колдонгон. Бул комузду өз колу менен чапкан жана өзүнүн басып өткөн жолу, жан дүйнөсү, жашоо ыргагы боюнча жазган ырлары ушул комузунда күүгө келген. Чакан жана кооз комуз музейге киргенде эле өзүнө тартат. Анын жанында катарлаш шакиртинин да комузу коюлган. Төкмө атанын өз колу менен чабылып, күүгө келген комузун анын жакындары Токтогул операсын жазган Власов деген адамга белекке тартуулашкан. Музыка дүйнөсүн түшүнгөн ал инсан комуздун барктуулугун эске алып, кайрадан музейге тапшырган. Ошентип, Токтогул ата күүгө келтирген комуз музейге алынып келип, кийинки муундар үчүн тарыхый баалуулук катары сакталып турат.

Т.Сатылганов чапкан комуз

Тулга чайнек

Үчүнчү буюму катары күнүмдүк турмушка колдонулуучу тулга чайнегин айтса болот.

Тулга чайнек

Музейге келген көрүүчүлөр Токтогулдун сүргүндөгү сүрөтүнө да өзгөчө үңүлүп карап, ал сүрөттүн тарых таржымалына көбүрөөк кызыгышат. Маалыматтарга караганда, Иркутскийде камалгандардын сүрөтүнөн Токтогулду да  кезиктирүүгө болот. Анын сүргүнгө кетиши, ага карата чыгарылган чечимдер тууралуу документтер изилденип жүрүп, 1987-жылы Иркутскийде кармалганы боюнча документтер алынып келген. Ошол мезгилде бул сүрөт да табылган.

Т.Сатылганов сүргүндө

Тирүү мезгилинде тартылган сүрөт

Өкүнүчтүүсү Токтогул атанын көзү тирүү мезгилиндеги эки гана сүрөтү бар. Анын бири — Иркутскийдеги камактагы сүрөт болсо, экинчиси — Фрунзе шаарындагы чыгармачыл адамдар арасында өткөн сынакта тартылып калган. 1928-жылы мурунку Фрунзе шаарында өнөрпоздор арасында өткөн сынакка катышып, эки шакирти менен түшкөн сүрөтү сакталган.

Т.Сатылганов шакирттери менен

Сөөгү чыгарылган үй

Азып-тозуп, кыйынчылыктын кыйын күндөрүн баштан кечирген Токтогул Сатылганов 1908-1910-жылдар аралыгында өз жерине кайтып келген. Ал Сасык-Жийде айылындагы эки бөлмөлүү чакан үйдө 1916-жылдан 1933-жылга чейин жашаган. 1922-жылдары экинчи жолу түтүн булатып, өзүнөн 19 жашка кичүү Сейдимканга баш кошкон. Бул түгөйлөр 1925-жылы Гүлсара, 1928-жылы Бабажан аттуу балалуу болушкан. 1933-жылдын жаз мезгилинде улуу ойчул оорудан улам каза болгон.

Токтогул Сатылганов акыркы сапарга узатылган үй

Т.Сатылганов жашаган үй

«Токтогул атанын сөөгү ушул үйдөн чыгарылган. Эл арасындагы айтылып жүргөн маалыматтарга караганда, ал олуя да болгон экен. Ал өлөөр алдында «Жакында көз жумам» деген экен. Ал кепти айтканына көп узабай эле каза болгон дешет. Кийин ал үйдө туугандары жашаганы айтылып келет. Токтогулдун 125 жылдыгына утурлай үйүнүн үстү жабылып, устундары оңдолгон», - деди Бактыгүл Кулубаева.

Токтогул акын жашаган үй айылдан бир аз обочо жерде жайгашып, айланасы тосмолонгон. Ал көз жумгандан кийин уулу менен кызы мамлекеттин камкордугуна алынып, Фрунзеге алынып кеткен. Бул музей 2015-жылы Токтогулдун 150 жылдык мааракесине утурлай да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбапташтырылган.

«Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесин утурлай ушул музей ачылган. Алгач 900 экспонант менен ачылса азыркы тапта 1300гө жетип калды. Музейде Токтогул атанын мезгилиндеги буюмдар салынган үкөгү да бар. Ал үкөк жубайы Сейдимканга тиешелүү болгон. Анда улуу акындын чыгармалары, чыгармачылык жолу, сүргүнгө барып келген жолу тууралуу маалыматтар камтылган. Музейге кызыгып сырттан келгендер да көп болуп жатат», - дейт ал.

Кызы менен небереси көмүр исине ууланып көз жумган

Акындын кызы Гүлсара жана небереси Наталья

Токтогулдун кызы Гүлсара сулуу, билимдүү жана алдыңкы айымдардын катарын толуктаган. Ал еврей улутундагы Петр аттуу жаранга турмушка чыгып, Москва шаарында жашачу. 1958-жылы Бишкек шаарына кызы Наталья экөө келип, атасы жөнүндө маалыматтарды изилдеп жүргөндө, үйүндө көмүр исине ууланып көз жумушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу