Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузактагы жайлоодон 18 жаштагы жигит асынып алды

Turmush -  Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнүн Кара-Чолок айылында асынып каза болгон жаран 9-класстын окуучу эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мектепти 3 жыл мурун аяктаган, убактылуу эч жерде иштебеген 1999-жылы туулган Ж.Ч. экени такталды. Ал Сервин жайлоосунда боз үйдүн жанындагы даракка асынып алган. Окуя 12-июнь күнү саат 23:30 чамасында болгон.

Анын атасы уулу эч ким менен урушуп-талашпаганын айтып, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Сузак районунда 9-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганы маалымдалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1106
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×