Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Токтогулдук Ж.Өзүбаев 55 жыл мурун чыккан ретро унаасы менен тойдо кызмат кылат (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну Жаныбек Өзүбаевдин СССР убагында чыккан ретро унаасына чет элдик туристтер дагы кызыгышат. Ж.Өзүбаев 1962-жылга тийиштүү чанда кездешүүчү унааны 1200 рублга сатып алганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мындай унаа бул чөлкөмдө жок болгондуктан ага көпчүлүк адамдар кызыгышат. Аны убагында 1200 рублга сатып алгам. Мен унаанын 3-кожоюнумун. Ал бузулганда тетиктерин тез эле таап алам. Оңдоп-түзөөнү көп деле талап кылбайт. Эч кимге бербей, дайыма өзүм айдайм. Башка бирөө унааны аябайт. Балдарымдын унаалары бар болгондуктан, меникин талашпайт деле. Бул унаа 100 чакырымга 9-10 литр бензин коротот», - дейт ал.

Ж.Өзүбаев белгилегендей, ал ретро унаа менен кээде тойлордо кызмат кылат.

«Бул СССР мезгилиндеги унаага чет жактан келген туристтер, шаардын коноктору кызыгып, сүрөткө түшүп кетишет. Кээде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар үйлөнүү той үчүн атайын жалдап алып кетишет. Баасын деле анча көп суммада айтпайбыз. Ар ким өз капчыгына жараша беришет. Кээде акысыз деле кызмат кылам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3281
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×