Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суу дарыясынан табылган буттун ээси тирүү, ал операция менен бутун алдырган (толугу менен)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында суудан табылган буттун ээси тирүү, ал операция жолу менен бутун алдырган, деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан. Маалым болгондой, Майлуу-Суу дарыясынын жээгинен табылган бут Майлуу-Суу шаарынын 1962-жылы туулган тургунуна таандык.

«Бул боюнча маалымат түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери бутту алып келишкен. Экспертизага алып барышканда дарыгерлер буттун операция жолу менен кесилгенин айтышкан. Андан соң операция качан жасалганы такталды. Буттун ээси былтыр ноябрь айында операция болуптур. Оорудан улам кесилген бутун анын тууганы жерге көмгөн, бирок белгисиз себептерден улам сууга түшүп калган. Ага табигый кырсыктар себеп болушу мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жергиликтүүлөр Майлуу-Суу дарыясынын жээгинен адамдын буту деп болжолдонгон сөөк табылганын маалымдашкан.

11

15

14

13

Сүрөттөр: «Репортер».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11368
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×