При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Фото - Жалал-Абадда күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы «Рено Логан» унаалары тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облусундагы ички иштер башкармалыгына караштуу шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн алдындагы күжүрмөн күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө Франция өндүрүшүнөн чыгарылган «Рено Логан» үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар тапшырылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы борбордук «Эркиндик» аянтындагы салтанаттуу жыйынга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана шаарлар менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн күзөттүк милиция кызматкерлери катышты.

«Жаңы автоунаалар элибиздин тынч турмушун сактоого жана коомдук тартипти бекем камсыз кылууда милиция кызматкерлерине өз милдеттерин так аткарууга өбөлгө болот деп ишинем», - деди өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалардын ачкычтарын ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад облустук улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын башкармасынын башчысы Канжарбек Бокаев, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов тапшырды.

Өздүк курамдар жаңы автоунаалардын ачкычтарын алгандан кийин салтанаттуу гарнизондук жүрүштөн өтүп, күжүрмөн жооптуу кызматтык милдеттерин өтөө үчүн райондор менен шаарларга жөнөп кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 944
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу