При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кыз куумайга түшүп, азыр да атка тың минген түптүк К.Тентимишова 66 жашында паспорт алды (фото)

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылынын 67 жаштагы тургуну Көкүл Тентимишова азыр да атка тың минип, кээде тоодогу мал баккан уулуна жардам берип турат.

Анын жердештери Көкүл Тентимишованын жаш кезин, күйөөсү менен жылкы бакканын, айрыкча кыз куумайга түшүп, шамал менен жарышып, далай жигиттердин жонун камчы менен тиле чапканын эскерип калышат. Маркум күйөөсү Аскер Тентимишов экөө баш кошкон 1971-жылдан бери жылкы багып, 5 бала, 16 небере жана 2 чөбөрөлүү болушкан.

«Мен жылкычыга жардамчы болгону Фрунзе, Алмата шаарларында өткөн мамлекеттик иш-чараларда кыз куумайдан түшкөн жокмун. Эки жолу жаш малчылардын слетуна катышып, лауреат аталдым. Фрунзеге обкомдун «Волга» унаасы менен барчубуз. Комсомолдук сыйлыктарды айтпай эле кой. Бирок, ошол эмгектерим паспорт аларда бир тыйынга татыбай калды.

1950-жылы Кытайдын Көк-Терек айылында төрөлүп, 1963-жылы СССРге келип, жогорудагыдай ийгиликтерге жетиштим. Бирок, көк паспорт менен жүрүп, азыркы паспортту кыйынчылыктар менен 66 жашка чыкканда гана алдым. Кытайда 5 бир тууганым бар. Аларды сагындым, бул жактан баргандардан мени чакыртып жатышат. Барайын десем паспортту араң алдым, чет элге чыга турган паспортту ала албайм го», - деп кайгырат Көкүл Тентимишова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 769
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу