При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Токтогулдагы ооруканада телемедицина ачылды (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы аймактык ооруканада телемедицина ачылды. Бул тууралуу оорукананын директору Н.Тешебаева билдирди.

Анын айтымында, телемедицина алыскы аймактардагы адистердин көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат.

«Оорукананын дарыгерлери республикалык, улуттук медициналык борборлордогу жогорку квалификациялуу адистер менен бейтаптын абалын талдоого алып, адистик кеңештерди алышат. Мындан сырткары, дарыгерлерибиз видеоконференцияларга катышып, өздөрүнүн кесиптик дараметин жогорулата алышат», - дейт Н.Тешебаева.

Мындан тышкары, ал алыскы аймактардан 3 миңге жакын адам акысыз медициналык кароодон өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

«Улуттук оорукананын дарыгерлеринен түзүлгөн экспедициялык топ райондун алыскы Ничке-Сай, Бел-Алды, Чолпон-Ата, Терек-Суу айылдарындагы 3 миңге жакын адамды медициналык акысыз кароодон өткөрүп келишти. Бул көчмө медициналык кербенде дасыккан адистер: терапевт, невролог, уролог, гинеколог жана хирург дарыгерлер айыл тургундарына кызмат көрсөтүштү», - деди ал.

Н.Тешебаеванын маалыматына караганда, оорукана Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде жайгашкан. Ага жыл ичинде жол кырсыктан жабыркаган 300 адам түшкөн.

«Жабыркагандардын арасында оор жаракат алгандар көп болду. Аларга алгачкы жардамдар көрсөтүлсө, зарылчылыкка жараша санавиация чакырууга туура келип жатты. Биздин ооруканага санавиация чакырган учурлар көп болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 368
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×