Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Баялы-Ата айылындагы 25 үйдү жана 1 мектепти сел каптоо коркунучу жаралды

Turmush -  Аксы районунун Баялы-Ата айылындагы турак үйлөрдү жана мектепти сел каптоо коркунучу жаралды.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов билдиргендей, учурда сууларды тосууга техникалар жетишсиз болуп, иш токтоп турат.

«Баялы-Ата айылында 25 үйдү жана мектепти суу каптап кетүү коркунучу жаралды. Учурда кооптуу аймактагы жерлерди тосуу иштери токтоп турат. Жакынкы күндөрү ӨКМдин техникалары келери күтүлүүдө. Суунун деңгээли учурда азайды, эгер кайрадан көбөйсө каптап кетиши мүмкүн», - деди ал.

Мурдараак маалымдалгандай, 4-июнда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, ички чарбалык жолдорго жана 1 көпүрө, 40 үйгө коркунуч жаралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×