Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородогу мектептерде лагерь уюштурулду (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы мектептерде жайкы лагерлер уюштурулуп, балдар эс алуу убактысын пайдалуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү мектептин мугалими Врачбек уулу Темирлан билдирди.

Анын айтымында, Арал айылындагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби ушул жылдын 8-июнунан 17-июнуна чейин «Ачык асман алдындагы лагерь» аттуу иш-чара уюштурууда. Иш-чара балдардын жайкы эс алуу күндөрүн пайдалуу өткөрүү жана ар бир балага жагымдуу маанай тартуулоо максатын көздөйт.

Бүгүнкү күндө лагерге 21 бала тартылып, башталгыч класстын мугалими Гулай Эшенкулованын жетекчилиги астында өткөрүлүүдө. Ал эми жергиликтүү демөөрчүлөр балдарга таттуулар менен суусундуктарды алып беришти. Лагерге 6 жаштан 11 жашка чейинки балдар келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 841
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×