Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги кумдарды белгисиз адамдар сатып жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги майда кумдарды белгисиз адамдар атайын техника менен казып алып, курулуш иштерине сатып жатканына Токтогул районунун тургундары нааразы болууда.

Алардын айтымында, бул маселеге тийиштүү органдар көңүл бурушу керек.

«Суу сактагычтын жээгиндеги кумдарды кимдир бирөөлөр чогултуп, бизнес кылып жатканы абдан өкүнүчтүү. Тийиштүү мамлекеттик органдар буга карата чара көрсө жакшы болот эле», - дешти жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1170
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×