При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кара-Көлдө эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 10-июнда эркин күрөш боюнча эл аралык турнир болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган турнир быйыл 17-жолу өткөрүлүп, эркин күрөш боюнча СССР спортунун чебери, Кыргызстандагы турнирлердин бир нече жолку жеңүүчүлөрү — бир тууган Асан жана Үсөн Кабылбековдордун жаркын элесине арналды. Бул спорттук иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев күбө болду.

Турнирге 24 кг салмактан 76 кг салмакка чейинки 230 балбан катышты. Алар Тажикстандын Дүшөмбү, Исфара шаарларынан, Өзбекстандын Андижан облусунан, ошондой эле Жалал-Абад, Ош, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан келишкен.

Мелдештин жыйынтыгында Тажикстандан келген А.Шүкүров 76 кг салмактагы балбандардын ичинен биринчиликти ээледи. Ал эми 24 кг салмактагылар арасында биринчиликти Таш-Көмүр шаарынан келген балбан А.Аскаров алды. Жалпы командалык эсеп боюнча 1-орунду Тажикстан Республикасы, 2-орунду Кара-Көл шаары, 3-орунду Жалал-Абад облусу ээледи.

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык, диплом жана грамоталар менен сыйланды. Мелдештин жалпы байге фонду 60 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 517
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу