Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондо Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, кооптуу көпүрө урап түштү

Turmush -  Кечээ, 11-июнда Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абалда турган көпүрө урап түштү. Маалым болгондой, бул көпүрө кооптуу болгондуктан ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жашоочулар башка көпүрө менен каттап келишкен.

Аталган көпүрө 1987-жылы курулган. Кийин «Андижан мостстрой» компаниясы тарабынан көпүрөгө узундугу 99 метр, туурасы 33 метрлик 6 даана бетон орнотулган. Ар бир бетондун салмагы 59 тонна болгондуктан, аскер көпүрөсүнө ылайыкташып курулган көпүрөнүн таянычтары бетондун салмагына ылайыкташкан эмес. Кара-Үңкүр дарыясынын көлөмү көбөйгөндүктөн таянычтарын суу жеп, көпүрө бөлүнүп түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 914
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×