При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Базар-Коргондо июнь окуясынын жабырлануучулары акчалай жардам алды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бүгүн, 10-июнда 7 жыл мурунку июнь окуясы эскерилип, коогалаңда каза болгондорго багышталып куран окулду.

Райадминистрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы С.Кудайбердиевдин айтымында, июнь окуясында район боюнча 23 адам каза болуп, 8 адам оор жаракат алса, 81 адам жеңил жаракат алган. Учурда айыл өкмөттөр тарабынан жабырлануучуларга мүмкүнчүлүккө жараша ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп турат. Ошондой эле, дарыгерлер жабырлануучуларды текшерүүдөн өткөрүүдө.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында июнь окуясынын катышуучуларына акчалай жардам берилип, сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 545
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×