Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Сузакта өкмөт башчынын катышуусу менен июнь окуясында көз жумгандар эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 10-июнда Жалал-Абаддагы Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы «Санпа» эстелигинде июнь окуясы эскерилди. Каргашалуу окуяны эскерүүгө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү эл катышты.

Анын жүрүшүндө элге кайрылган өкмөт башчы мамлекет үчүн эң маанилүүсү ынтымак экенин белгиледи.

«Сепаратисттер баш көтөрүп, этностор аралык кагылышка алып келди. Алар улут аралык жаңжалды тутантып, мамлекетти жок кылууну көздөштү. Бирок, алардын арам ойлоруна биздин ынтымак, биримдик жол берген жок. Ошол кырдаалды биримдигибиз  менен жеңип чыктык. 

Кагылышуудан 20 адам дайынсыз жоголуп, 442 адам каза болду жана 2 миңден ашуун жарандарыбыз жаракат алышты. Бул окуя кыргызстандыктардын жүрөгүндө так болуп калды. Энелердин көз жашын көргөндө жүрөгүң ооруйт. Бул окуяда жабыркагандарга жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Исхак Раззаков: "Кыргызстан мен үчүн бир жер, бир эл" деп айткан. Ушул сөз өлкөдө жашаган кайсыл гана улут болбосун урааны болушу керек. Ар бир атуул "Кыргызстан менин жерим, менин элим" деген пикирди туу тутуп жашашыбыз керек», - деди өкмөт башчы.

Эскерүүнүн алкагында «Санпа шейиттери» коомунун төрагасы С.Мамазакиров  өкмөт башчыдан июнь окуясында жабыркагандарды кабыл алууну суранды. С.Жээнбеков бул сунушту орундата турганын айтты. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1180
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×