Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактын жашылча-жемиш өспөй калган Жоон-Күңгөй айылында биринчи күнөскана курулду (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жоон-Күңгөй айылындагы жашоочуларга эрте түшүм алууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Айылдыктардан түзүлгөн «Ден соолук» тобунун лидери Акылбек кызы Гүлкандын айтымында, жергиликтүүлөрдүн дээрлиги СССР маалында жашылча-жемиштердин түрүн өстүрүп турушкан. Бирок, кийинчерээк сугат суунун тартыштыгы жаралып, көпчүлүк кайрак жерлерге дан эгиндерин өстүрүүгө ыктап калган.

«Биз жашаган айыл тоолуу аймакта жайгашкан, аба ырайы да катаал жана кыш узакка созулат. Бул көрүнүштөр жашылча-жемиштерди өстүрүүгө кыйынчылыктарды жаратып келген. Элдин ушул көйгөйүн чечүү максатында былтыр «Тоолуу агро-экосистемаларында азыктануу» долбоору менен иштешип калдык», - деди Акылбек кызы Гүлкан.

Долбоорун алкагында Жоон-Күңгөй айылында биринчи жолу 40 чарчы метр аянтка жөнөкөй түзүлүштөгү күнөскана курулган. Ага тамчылатып сугаруу системасы кошо туташтырылды.

«Ар бир иштин кыйынчылыгы болот. Алгач кантип өстүрөбүз деп корктук. Бирок, ишти баштаганда эле кызыгып, жолдошум экөөбүз күнөсканадан чыкпай калдык. Керектүү кеңештерди алуу үчүн долбоордун адистери менен дайыма байланышта болуп турабыз. Эми күнөсканадан бадыраңдын түшүмүн алып, балдар үчүн күн сайын салат жасап жатам. Түшүмдүн өзүбүздөн ашканын айылдаштарыбызга сатып, кирешеге жашылча-жемиштердин башка түрлөрүн дагы өстүрүү үчүн пайдаланууну пландап жатабыз», - деп кошумчалады дыйкан айым.

Долбоорду баштоонун алдында сурамжылоо жүргүзгөндө айылдыктардын көбү жаз кеч келээрин, аба ырайы суук экенин айтып, күнөсканадан жакшы түшүм алууга күмөн болушкан.

«Ошондой эле, айылда 12 аялдан турган «Ден соолук» тобу түзүлдү. Күнөскананын ээси болгондуктан мени ал топтун лидери кылып шайлашты. Биз анализдеген көйгөйлөр боюнча долбоордун кеңешчилери туура тамактануу жана ден соолук, тамактануунун айыл чарбасы менен байланышы, күнөсканада топурак даярдоо жана көчөттөрдү отургузуу боюнча ар кандай окутууларды уюштуруп, үйрөтүп турушат», - деп кошумчалады Г.Акылбек кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1879
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×