При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Казарман—Жалал-Абад жолунда селден өтө албай калган мотоциклчен туристтер куткарылды

Turmush -  Кечээ, 6-июнда кечке маал нөшөрлүү жаандан кийин Казарман—Жалал-Абад жолун сел каптап, анын кесепетинен өтө албай калган эки турист куткарылды. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, мотоцикл менен жүргөн туристтер Сары-Кыр ашуусуна жеткенде, жолдун 76-чакырымында эки жерден таш аралаш сел түшкөн.

Бүгүн, 7-июнга караган түнү саат 03:45 чамасында айтылган дарекке чыгып кеткен куткаруучулар туристтерге жардам көрсөтүштү. 

«Куткарылган туристтер артка кайтышты. Алар Сары-Кыр ашуусуна жетип калганда жол жабылып, ортодо калышкан. Туристтер Нарын облусуна бара жатышкан», - деди ӨКМдин облустук башкармалыгынын жооптуу кезметчиси А.Ботобеков.

Алардын жолдо калганы тууралуу ӨКМге Германиянын Кыргызстандагы элчилиги кечээ, 6-июнда саат 21:00 чамасында маалымдаган. Учурда Казарман—Жалал-Абад жолу расмий ачыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1230
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу