Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад—Казарман жолун селден кийин кум-шагыл каптап, мотоциклчен туристтер өтө албай калышты

Turmush -  Сузак районунда кечээ, 6-июнда катуу жааган жамгырдан кийин Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 76-чакырымын колоттон түшкөн сел суулары каптады. Жол кум-шагылга толуп калгандыктан Жалал-Абад облусунан Нарын облусун көздөй эки мотоцикл менен бара жаткан чет элдик туристтер өтө албай калышкан.

ӨКМдин маалыматы боюнча, бүгүн, 7-июнга караган түнү саат 03:45 чамасында ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу айтылган дарекке чыгып кетишти. Айрым маалыматтар боюнча, туристтер жолдо калганы тууралуу куткаруучуларга Германиянын элчилиги тарабынан маалымат берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×