Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

УКМК Ноокендеги мушташууну талкуулоодо улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча соцтармактардын колдонуучуларын суракка чакырды

Turmush -  УКМК Ноокен районундагы мушташууну талкуулоодо улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын колдонуучуларын суракка чакырды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Facebook социалдык тармагынын бир нече колдонуучулары Ноокен районунун Маасы айылындагы мушташуу боюнча талкууга катышкан. Талкуулоо учурунда улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык ташталган пикирлер айтылган.

Буга чейин Turmush басылмасы милиция кызматы айылдаштарына бычак менен жараат келтирген 22 жаштагы С.Достонбекти издеп жаткандыгын маалымдаган.

Маалым болгондой, 17-майдан 18-майга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында С.Достонбек 20-23 жаштардагы айылдаштарын бычак менен жарадар кылып, окуя болгон жерден качып кеткен. Айылдаштары алган жарааттары менен райондук ооруканага жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарылануудан кийин алар үйлөрүнө чыгарылган.

Аталган факт боюнча Ноокен РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү С.Достонбек кыргыз-тажик чек арасында кармалган. Ноокен райондук соту 25-майда аны 2 айга камакка алуу санкциясын чыгарган.

68

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×