При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кара-Көлдө дайынсыз жоголгон 6 жаштагы Бекзаттын ата-энеси Москвадагы көзү ачыкка кайрылды

Turmush -  Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жаштагы Жанапилов Бекзатты издөө иштери тынымсыз жүрүп жатат, деп билдирди анын апасы Гүлзар Кадырова.

Анын айтымында, эл арасында Бекзатты издөө иштери ата-энесинин макулдугу менен токтотулду деп айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

«Бишкектен ӨКМдин тапшырмасы менен атайын суучулдар келип, биз көрсөткөн көлдөрдү, сууларды издеп беришти. Эч кандай жыйынтык чыкпагандыктан суудан издөө иштери токтотулган. Ал эми өзүбүз баламды ар кайсы багытта тынбай издеп жатабыз жана издөө иштерин токтоткон жокпуз. Жолдошум экөөбүз Кара-Көлдөн сырткары Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Майлуу-Суу шаарларындагы оорукана, мектеп, базарларды бүтүндөй кыдырып, аялдамаларга, коомдук жайларга сүрөтүн илип, сураштырып келдик. Ошол эле учурда бир туугандарыбыз Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында издөө иштерин жүргүзүүдө. Бир-эки күндө өзүбүз Бишкек шаарына барып, издөө иштерин жүргүзөбүз. Атайын бала издөө боюнча коомдун жетекчиси Бакыт Эгембердиев менен жолугушуп, кандай багытта издөө иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөшөбүз. Ал киши 4 жыл мурун өзүнүн эки баласын жоготкондугуна байланыштуу издөө иштерин жүргүзүүнүн жолдорун билет экен», - деди ал.

Г.Кадырованын айтуусунда, алар Бекзатты табуу үчүн көзү ачыктарга да кайрылган.

«Бекзатты ушул күнгө чейин көрдүм деген киши болгон жок. Кандай багытта, кайсыл жерден издөөнү билбей, ар кайсы тараптан издеп жатабыз. Ошол себептен көзү ачыктарга да кайрылууга туура келди. Баламды табуу үчүн колдон келген иш аракеттерди жасоодобуз. Буга чейин Москвадагы күчтүү көзү ачыкка бир тууган сиңдим аркылуу байлынышып кайрылдык. Ал биздин шаарды сүрөттөп жатып учурда балам ал жерде эмес экендигин айтты. Баламдын тирүү экендигин, сууга түшпөгөнүн билдирип, бир аял, бир эркектин колунда экенин айтты.

Крымда жашаган татар улутундагы көзү ачык айым: «Бул бала менен кошо бир кыз дагы бар» деген. Ал кыз Бекзаттын эгизи бар экенинен кабар берет. Бирок, биз төлгө салдырып жатканда баланын эмне болгону тууралуу көзү ачыкка эч кандай маалымат берген жокпуз. Ал: «Баланы бир аял жана бир эркек кара түстөгү унаага отургузуп алып кеткен. Учурда алар Кара-Көлдө жок, бирок бала тирүү. Ал тоолуу айылдагы жупуну үйдө кармалып турат. Издесеңер табылат», - деди. Андан кийин Кара-Көлдүн чет жагындагы айыл четиндеги үйлөргө чейин кирип, карап чыктык», - деди Гүлзар Кадырова.

Буга чейин маалымдалгандай, 6 жаштагы Жанапилов Бекзат 2017-жылдын 16-апрелинен бери изделип жатат.

Атасы Амангелди Назакеевдин айтымында, баласы жакшы сүйлөй албайт.

«Артынан дайым көзөмөлдөп, карап турчубуз. Анткени көргөн-билгенин толук айтып бере алчу эмес. Кээде бир азга жок болуп, кайра келип калчу. Бүгүн, 17-апрелде көргөн-билген адамдар болуп калабы деп бардык мектептерди кыдырып чыктым. Милиция жана ӨКМдин шаардагы өкүлдөрүнө кайрылдым. Алар дагы издөө иштерин жүргүзүүдө», - деп билдирген эле.

Бекзаттын апасы Гүлзар Кадырованын айтуусунда, баласынын сөздөрүн үй-бүлөсү толук түшүнчү. Ал эгиздин түгөйү.

«16-апрелде мага «апа, манты жейм» деп жаткан. Тамак быша элек болчу. Ал үйгө кирип-чыгып жүргөн. Мен үчүнчү кабаттан карап тургам. Ал Кара-Суу дарыясы жакты көздөй жолдун боюнда бара жаткан. Ары жагында чоң баштык көтөргөн бир аял бараткан эле. Кара түстөгү бир унаа катуу келип токтоп, кайра эле жүрүп кеткен. Андан кийин баламды дарактардын арасынан көрө албай калдым. Ал унаадан качып, чоң суудан дагы коркчу. Артынан сиңдим алып келем деп чыккан. Ошол бойдон издеп, таппай калдык. Акыркы жолу мага деп 2-3 гүл терип келген эле», - деген апасы Г.Кадырова.

Тема боюнча:

17.04.2017Кара-Көлдө 6 жаштагы Бекзат изделүүдө (фото)
19.04.2017Кара-Көлдө дайынсыз жоголгон 6 жаштагы Бекзатты издөөнү улантуу үчүн элдик кошуун түзүлдү
24.04.2017Кара-Көлдө 6 жаштагы Бекзат 9 күндөн бери изделүүдө
03.05.2017Кара-Көлдө 6 жаштагы Бекзатты издөө иштеринен жыйынтык чыга элек (фото)
08.05.2017Кара-Көлдө 22 күндөн бери изделип жаткан 6 жаштагы Бекзаттын апасы ӨКМ башчысына кайрылды (фото)
29.05.2017Кара-Көлдө 6 жаштагы Бекзатты издөө иши улантылды (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14570
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу