При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Базар-Коргондо Кара-Үңкүр дарыясына түшүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө уланууда

Turmush -  Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр дарыясынын суусуна түшүп кеткен 4 жаштагы кыз табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Ж.Матназаров билдирди.

Анын маалыматына караганда, 3-июнда саат 11:00 чамасында Көк-Алма айылынан Кара-Yңкүр дарыясына 2013-жылы туулган А.Айбийке агып кеткени боюнча маалымат түшкөн.

«3-июндан тартып райондук өрт өчүрүү бөлүмүнөн 17 куткаруу, жергиликтүү тургундар жана токой чарбанын кызматкерлери болуп жалпы 40 адам издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда дене табыла элек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 665
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу