При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясындагы суу көбөйүп, тосмону жууп кетти (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Арал айыл аймагындагы Арал тилкесинде бүгүн, 5-июнда саат 05:00-06:00 чамасында Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлдү. Суунун көлөмү 140 метр кубга жетти, деп маалымдайт ӨКМ. Анын кесепетинен суунун нугу №2 коргоочу тосмого карай бурулуп, 60 метр аралыгын жууп кеткен.

Жээктерди бекемдөө үчүн ӨКМдин Жалал-Абад облустук сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан техникалар берилип, тосмону калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу