Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй ата убактылуу кармоочу жайга которулуп, иш кайра каралат

Turmush -  Сузак районунда 1,5 жаштагы Раянанын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча Жогорку сот ушул жылдын 3-майындагы токтому менен Жалал-Абад облустук сотунун 7-февралдагы токтомун күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак райондук соту 2016-жылдын 14-ноябрында соттолуучу А.У.Т.ге карата катуу байкоо жүргүзүү менен медициналык жактан дарылануудагы мажбурлоо чаралары колдонулуп, ал Кызыл-Жар кыштагындагы республикалык психиатриялык ооруканага жайгаштырылган.

Соттун бул токтому менен макул болбогон Жалал-Абад облустук прокуратурасы кассациялык сунуш менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Облустук соттун 2017-жылдын 7-февралындагы токтому менен Сузак райондук соттун токтому бузулуп, кылмыш иш башка курамда кароо үчүн ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Облустук соттун ушул жылдын 7-февралындагы токтомуна макул болбой, соттолуучунун мыйзамдуу өкүлү А.Р. көзөмөл даттануу менен кайрылган.

Ушул жылдын 24-майында бул иш Сузак райондук сотуна кайра кароо үчүн берилип, ишти кароо 13-июнга дайындалды. Ошондой эле, соттолуучу А.У.Т.ны Кызыл-Жар кыштагында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканадан Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына которуу (этап кылуу) жөнүндө райондук сот токтом кабыл алды.

Мурда маалымдалгандай, Сузак районунда 1,5 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмышы ачылган.

Районго караштуу тоо тараптагы айылдардын биринде 2013-жылдын март айында 2011-жылдын күз мезгилинде төрөлүп, 1,5 жашка толуп калган Раяна өгөй атасынын запкысынан каза болгон. Бирок, туугандары менен кошуналарына Раянанын ооруп каза болгондугу айтылган. 11-сентябрда ал наристеге эксгумация жүргүзүлдү. Наристенин өлүмүнө шектүү катары кармалган өгөй ата наристенин мазардагы жайын милиция кызматкерлерине көрсөтүп берди. Turmush балсымасынын кабарчысына белгилүү болгондой, сөөктү казуу ишине айылдын имамы жана соттук медициналык экспертизанын кызматкери катышкан.

Кылмышка шектүү наристени ичкиликтин айынан өлтүргөнүн айткан.

«Алмагүл (наристенин апасы) менен 2-3 жолу сүйлөшүп көрүп эле турмуш курганбыз. Ал биринчи турмушундагы бир кызын кошо ала келген. Жашап жүргөнбүз, мен айылда шыбак шыбап акча тапчумун. Бир күнү үйгө келсем кызыбыз төшөккө сийип коюптур, жубайым «бул өлбөдү, өлүп калса жакшы болот эле» деп сүйлөнүп жатыптыр. Мага «кызды коркутуп коюңузчу» деди. Март айы болчу. Мештин оозун ачып, отко жакындатып кайра тартып алдым. Бирок, чекеси күйүп калды. Ыйлаганын уланта бергенинен печкенин плитасына отургуздум. Шымы синтетика болгондуктан дароо эле ээрип, кыздын жамбашына жабышып калды. Бир аптадай карадык, кыздын күйүк жерлери кетип калды. Бул окуядан он күндөн кийин үйгө келсем кыз дагы шымын булгап коюптур. Ичимдик ичип алган элем, антеннанын ичке зымы менен 5-6 жолу жонуна чаптым, башында жаракаты бар эле канап кетти. Бетин жууп сооротууга аракет кылып, таптакыр басылбай койгондуктан шапалак менен 1-2 жолу чаап жибердим. Бир аздан кийин өзүн жоготуп, 15-20 мүнөттөн кийин колдору шалактап, денелери муздап баштады», - деп жооп берди.


Маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 3-августунда милицияга 2013-жылы 1,5 жаштагы кыз белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлүп, көмүлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы текшерүү иштери Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, кылмыштын бети ачылган.

Соттолуучуга КРнын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-6-10-пункттары (күнөөкөргө алсыз абалда экени белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү), 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-5-пункттары (жашы жете элек же алсыз абалда экени белгилүү болгон, айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча:

14.09.2015Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өгөй атасы отко өрттөп өлтүрүп, апасынын макулдугу менен жашыруун көмгөн
04.11.2015Сузакта өгөй атасы өлтүргөн 1,5 жаштагы Раянанын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө, - РИИБ
06.01.2016Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атанын иши сотто каралууда, ал эми апасына издөө жарыяланды
21.04.2016Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атага психиатриялык экспертиза дайындалды
20.09.2016Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атаны психиатриялык дарыланууга жөнөткөн токтом бузулду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1479
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×