При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жалал-Абаддын милициясы Ноокендеги жатак мектепке белек тапшырды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы А.Мамасейитов баштаган өздүк курам 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ноокен районунун Шайдан айыл аймагындагы Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебине барып, балдардан кабар алышты.

Мындагы мектепте ата-энеси жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган балдар болуп жалпы 157 окуучу билим алат. ОИИБдин атынан мектепке тамак-аш даярдалуучу идиш-аяктар жана азык-түлүктөр тапшырылды. Ошондой эле, район жана шаарлардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дагы балдар үйлөрүнө барып кабар алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×