При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ала-Букада Балдарды коргоо күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Балдар үчүн райондун «Жеңиш» сейил багында концерттик программалар, оюн-зооктор уюштурулуп, майрамга карата балдарга акысыз балмуздактар таратылды. Ошондой эле, райондук мамлекеттик администрация тарабынан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жалпы 30 балага белектер, акчалай жардамдар берилип, майрамдык сый-тамак уюштурулду.

Райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары да балдарга өз белектерин, акчалай жардамдарын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 356
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×