При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Фото - Ала-Буканын Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, бир үйдүн дубалы кулады

Turmush -  Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында кечээ, 1-июнга караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Башат жана Өрүктү-Сай сууларынын деңгээли көтөрүлүп, айылды сел каптады.

ӨКМ билдиргендей, селдин кесепетинен адамдар жабыркаган жок. Ак-Башат сайынан келген сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабындагы сугат каналга курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короосуна кирген. Ошондой эле, Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарын каптап кеткен.

Колоттордон агып келген сел суулары Өрүктү-Сай суусуна кошулуп, сайдын сол жээгиндеги 1 турак жайдын короосун каптаган. Ал үйдүн арткы дубалы кулап түшүп, авариялык абалга келди. Белгилүү болгондой, бул үйдүн жашоочулары 2006-жылы ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 664
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу