При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ноокендин Орто-Сай айылында Балдарды коргоо күнүндө 85 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Арал айыл аймагынын Орто-Сай айылында кечээ, 1-июнда 85 орундуу «Жоогазын» бала бакчасынын ачылышы болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземде акимдин орун басары Нурийла Бекжигитова Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен жаш жеткинчектерди куттуктап, бакчанын ачылышына колдоо көрсөткөн айыл тургундарына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси А.Камбаров, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы Б.Мамадалиев жана айыл тургундары катышты. Келген конокторго «Жоогазын» бала бакчасынын жаш жеткинчектери концерттик программа тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 401
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу