При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Бел-Алдыдагы мектепте жакшы окуган окуучуларга стипендия таратылды

Turmush -  Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагындагы Ы.Алымбеков жана М.Жамгырканов атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган окуучуларга маркум педагог Момуналиев Төлөгөн атындагы акчалай стипендия тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Стипендияны уюштурган С.Момуналиевдин айтымында, бул сыйлык көп жылдан бери берилип келет.

«Бул стипендияны атабыздын атынан 6 жылдан бери уюштуруп келе жатабыз. Негизги максатыбыз — мыкты окуган окуучулардын жетишкен ийгиликтерин баалоо, аларга түрткү берүү. Биздин атабыз Момуналиев Төлөгөн мектеп директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенген. Кесиби боюнча музыкант болгон. Айылдагы бардык коомдук иштерде активдүү катышып жүрчү.

Бул жылы атабыздын каза болгонуна 25 жыл болот. Жыл сайын акыркы коңгуроо аземинде келип, атабыздын атынан акчалай стипендия берүү салт болуп калган. Окуучуларды өзүбүз тандайбыз. Күндөлүгүндө эң көп баасы бар, облустук предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, мыкты спорттук жетишкендиктери бар жана чыгармачылыкта жараткан ийгиликтери бар окуучуларга берилет. Мындан ары дагы буйруса уланта беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 565
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×