Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көлдө Балдарды коргоо күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамдын алкагында «Балдар дүйнөсү» аттуу театрлаштырылган майрамдык оюн-зоок көрсөтүлдү. Ага шаардагы музыкалык мектепте, бий ийримдеринде жана мектептерде, балдар чыгармачыл үйүндө тарбияланып жаткан таланттуу өспүрүмдөр катышты.

Салтанатта И.Еркеев катышуучуларды, бөбөктөрдү куттуктады.

«Жергиликтүү тургундардын балдары менен эс алуусу үчүн Комсомол көлүн тазалап, толтуруп, анын жээгине бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз», - деди мэр.

Иш-чаранын алкагында шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Ыйман, адеп жана маданият жылына карата сүрөт тартуу сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө китептер, оюнчуктар белекке берилди. Мындан тышкары, шаардагы балдарга 2000 даана бал муздак акысыз таратылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1250
Көп окулду
×