При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ала-Буканын Өрүктү-Сай айылында 30дан ашуун короону суу каптап, 1 үй жараксыз абалга келди

Turmush -  Ала-Бука районунда 30дан ашуун короону суу каптап, 1 үй жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өрүктү-Сай айылдык кеңешинин депутаты Медер Ырысбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

«Өрүктү-Сай айылындагы селден улам 30дан ушуун короону сел каптады. Мындан сырткары, сел адам жашабаган 1 үйдү жараксыз абалга келтирди. Унаа өтүүчү 2 көпүрөнү жана адам өтүүчү 3 көпүрөнү сел алып кетти. Сел алып кеткен унаа өтүүчү көпүрөнү жергиликтүү тургундар өздөрү салышкан. Унаа жолдор дагы селден жабыркап, учурда калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө», - деди М.Ырысбаев.

Белгилей кетсек, 30-майдан 31-майга караган түнү катуу жааган мөндүрдөн улам Өрүктү-Сай айылында сел жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 441
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу