При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кетмен-Төбөдөгү «Байчечекей» бала бакчасында балдар ата-энелери менен концерт тартуулашты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасындагы «Байчечекей» балдар бакчасында тарбияланган балдар жана алардын ата-энелери 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата концерт беришти.

Иш-чарага шаарчанын башчысы, Кара-Көл шаарындагы бала бакчалардын башчылары, жергиликтүү тургундар жана мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

«Балдарын майрамында ата-энелердин катышуусунда ыр, бий сынактары уюштурулду. Ата-энелер балдары менен ырларды жана бийлерди аткарышты. Мындай иш-чаралар балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот», - деди бала бакчанын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 342
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×